Мыйзамсыз байыгандар: кийинки кезек кимде? (видео)

799

Киреше жана чыгашасы тууралуу декларациясындагы маалымат күмөн жараткан 140ка жакын аткаминердин документи Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Буга чейин башкы көзөмөл органы декларациясын толтурууда так эмес маалыматтарды берген бир топ мамлекеттик кызматкерлерди жазалоону сунуштаган болчу.

Ал арада депутаттар киреше-чыгаша декларациясы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө белсенип жатышыптыр. Алар бул маалыматтарды жалпы коомчулукка жарыялабай, жашыруу керектигин айтышууда. Парламентарийлер дүнүйө-мүлкүн көрсөтүүдөн эмнеге коркуп жатышат?