«Санжыра» радиосунда «Азаттык» үналгысы жаңыра баштады (видео)

1040

Эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон алдыңкы радиолордун бири «Санжыра» радиосу жыл жыйынтыгын чыгарды. Ыр-күү жана оюн-зоок менен гана чектелбей, саясий-аналитикалык уктурууларды да даярдап обого алып чыккан радионун эфирге чыга баштаганына 8 жылдан ашты. Радионун туруктуу угармандарынын саны да жыл сайын өсүүдө.

«Санжыра» 5 ай обого чыкпай калган кыйын күндөрдө дагы, алар сүйүктүү радиосу менен бирге болуп, кабар алып турушкан. Радионун эфирге кайтып келүүсү угармандар үчүн чоң кубаныч болду. Жакында эле радио улуттук маданияттын мыктыларын 11 номинация боюнча аныктап, аларга сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү. Ал майрамдык салтанат 31-декабрда НТС телеканалынын көрүүчүлөрүнө сунушталат.