Баткен – Париж: Ага-ини тагдыры (видео)

1224

Документ көйгөйү бир туугандардын жолугушуусуна кедергисин тийгизүүдө. Баткен областынын 16 жаштагы тургуну жаңы жылдын алдында Францияда бир тууган иниси бар экенин билген. Бирок эмдигиче күбөлүк ала элек болгондуктан, аны менен жолугуша албай жатат. Франциянын жарандары багып алган иниси, агасын конокко чакырууда.

Баткендеги Акыл менен Франциядагы Бенжаминдин окуясы көп адамдын көзүнө жаш алдырды. Акыл Тагаев өзү өлкөдөн чыга албагандыктан, иниси жаз айларында Кыргызстанга келип, апасынын туулуп өскөн жерин көрүп, бир тууганына жолугууну пландап жатат. Азырынча экөө котормочулардын жардамы менен интернет аркылуу байланышууда.