Сулайман-Тоонун жанындагы курулуш токтотулду (видео)

614

Сулайман-Тоонун жанына көп кабаттуу турак-жай салып жаткан курулуш компаниясынын жетекчилигине карата кылмыш иши козголду. Ал өзүм билемдик менен тарыхый-маданий жайдын аймагына курулуш жүргүзгөн деп күнөөлөнүп жатат. Учурда ал жакта иш токтотулду. Ошондой эле, прокуратура Ош шаардык архитектурасына өз алдынча курулуштарга уруксат берүүнү убактылуу токтотууну өтүндү.

Буга чейин укук коргоочулар Сулайман-Тоонун буфердик аймагына көп кабаттуу турак жай мыйзамсыз курулуп жатат деп прокуратурага кайрылышкан. Эми ал имараттан үй алабыз деп күтүп жаткан тургундар нааразы болушууда. Курулушка эмне үчүн уруксат берилген, ишкер тарыхый жайдын аймагына көп кабаттуу турак жай тургузууга тыюу салынаарын билген эмеспи, үйүн имарат үчүн берип, жаңы батир күтүп жаткандардын тагдыры эмне болот?