ВИЧ илдети жуктурулган балдардын ата-энелеринин арыз-муңу (видео)

671

Мындан 13 жыл мурда дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ооруканада ВИЧ илдети жуктурулган балдардын ата-энелери бир топ талаптарын айтып, Ош областтык администрациясына кайрылышты. Алар балдарына, алар 18 жашка чыкканча берилүүчү жөлөк акчасы өмүр бою төлөнсүн деп жатышат. Айтымдарында, оор илдетке кабылган балдарды баккан ата-энелердин көбүнүн социалдык абалы оор, ал эми бир топ аялды бул кайгылуу окуядан кийин күйөөлөрү таштап кеткен.

Ошондой эле, алар ВИЧ илдетине кабылган балдар аскердик кызматка чакырылбасын деген талап коюшуда. Себеби алардын саламаттыгы аскердин катаал шарттарын көтөрө албайт. Ата-энелер Ошко көчмө жыйын өткөргөнү барган Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин депутаттарына дагы өз арыз-муңун айтышты.