«Коопсуз шаар»: 2-этабы кечеңдеди (видео)

651

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу белгиленген убактан кечигүүдө. Биринчи этабында Бишкектеги 10 көчө кесилишине камералар орнотулган. 12-марттан тарта, дагы ондон ашык жерде видеокөзөмөл жабдыктар ишке кириши керек болчу. Бирок бул жумуштар дагы 2 аптага жылдырылды.

Адистердин айтымында, буга аткаруучулар менен жергиликтүү бийликтин тыгыз иш алып барбаганы себеп болгон. Учурда иш кечеңдеп жатканына карабастан, жооптуу тарап «Коопсуз шаар» долбоору толугу менен өз убагында аткарылып бүтөт деп ишендирүүдө.