Бишкекте 20 милиционер 1 млн сомду чөнтөккө салды деп шектелүүдө (видео)

641

Бишкек шаардык милиция бөлүмдөрүндө турукташып калган коррупциялык схема аныкталды. Прокуратура тартип сакчылар паспорттук-визалык режим бузган чет элдик жарандардын төлөгөн акчаларын өздөрүнө ыйгарып келгени боюнча бир нече фактыны аныктады. Милиционерлер банктардын биринин кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, административдик мыйзам бузгандарга жасалма дүмүрчөктөрдү берип келишкен.

Документтерди салыштыра келгенде Свердлов жана Ленин райондук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери 104 чет өлкөлүктүн айып үчүн төлөгөн акчасын кымырап алганы аныкталган. Өткөн жылдын декабрында да ушундай эле окуя катталып, Биринчи май райондук милиция башкармалыгынын айрым кызматкерлери мамлекетке 700 миң сом зыян келтиргени айтылган.