Путин Жерүйгө 600 миллион доллар береби? (видео)

713

Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы менен эки тараптуу кызматташтык боюнча 17 документке кол коюлду. Келишимдер ар тармактар боюнча түзүлдү. Алардын бири Канттагы аскер базасынын аянтын кеңейтип, ижарасын көбөйтүү.

Ошондой эле, жаратылыш ресурстарын иштетүү боюнча кызматташуу башталмай болду. Жерүй кенине 600 миллион доллар инвестиция салынат, деди Владимир Путин. Сооронбай Жээнбеков Россия президентинин Кыргызстанга болгон визити эки өлкө ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарганын белгиледи.