Ошто жакындарын өлтүргөн 3 аял кармалды (видео)

749

Акыркы 5 күндүн ичинде Ош шаарында 3 оор кылмыш катталды. Анын баары аялдар тарабынан жасалган. Биринчи окуя 17-апрелде болуп, 41 жаштагы аял күйөөсү менен уруша кетип, бурама менен көкүрөккө сайган. Экинчи кылмыш 2 күндөн кийин катталып, 45 жаштагы аял өз апасын бычактап өлтүргөн.

22-апрелде Ош шаарындагы Учар айылынын үстүндө жайгашкан дачадан бир адамдын сөөгү табылган. Анын өлүмүнө шектелип, ошол дачанын ээси — 41 жаштагы аял кармалды.