Жаңы мамлекеттик уюлдук оператор керекпи? (видео)

641

Кыргызстанда дагы бир уюлдук оператор пайда болушу мүмкүн. «КТ Мобайл» мамлекеттик компаниясынын өкүлдөрү жакынкы күндөрү ишке кирүүгө камынууда.

Ишкана 16 жыл мурда эле негизделип, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам иши токтоп калган. Жаңы уюлдук компаниянын пайда болушун айрымдары колдосо, кээ бири мамлекетке кошумча жүктүн кереги жок дешет.