Бишкекте миңге чукул адам үйсүз калуу коркунучунда турат (видео)

662

Курулуш компаниясы менен чет өлкөлүк инвестордун ортосундагы чырдын кесепетинен, 1 миңге чукул адам үйсүз калуу коркунучунда турат. Бишкектеги Кулатов — Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Diamond-City” аталышындагы турак жайды биргелешип салган Кытай жараны менен кыргызстандык курулуш компаниясынын ортосунда азыр соттук териштирүү жүрүүдө.

Биринчи соттук чечим жергиликтүү ишкананын пайдасына чыкса, экинчисинде кытайлык инвестор утуп алган. Ортодо турак-жай сатып алгандар чайналып, алар такыр эле үйсүз калуу коркунучу жаралды. Белгилей кетсек, так ушул иш боюнча туура эмес чечим чыгарган деп айыпталып, Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Эльвира Жаркеева азыр камакта.