Азиз Батукаевди камактан кое берген сотко иш козголду (видео)

685

Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталгандардын катарына дагы бир адам кошулуп, убагында кримтөбөлдү кое берүү тууралуу өкүм чыгарган сотко карата кылмыш иши козголду. Ал Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов. Азыр ал ушул эле областта райондор аралык сотунда иштейт.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, фемида өкүлү Азиз Батукаевдин айыккыс илдети тууралуу материалдарды кылдат иликтебей туруп, анын Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн.