УКМК: Террористтик топтун мүчөсү деп шектелген 2 адам колго түшүрүлдү

851

Баткен областынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган эл аралык террористтик топтун мүчөсү деп шектелген 2 адам колго түшүрүлдү. УКМКнын маалыматына караганда, шектүүлөр ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан маалда кармалышкан. Алар 27 жана 29 жаштагы Кыргызстандын жарандары.

Кармалгандардын жанынан Калашников автоматынын ок-дарылары табылган. УКМК берген маалыматка ылайык, кармалгандардын бири 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн биринде жүрүп радикал уюмдардын катарына тартылып, Сириядагы согуш болуп жаткан аймакка жөнөтүлгөн. 2017-жылы ага Интерпол аркылуу издөө жарыяланган.

Экинчиси да ушундай эле жол менен Сирияга барып, өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышкан. Шектүүлөр эл аралык террористтик топтун атайын машыгуу лагерлеринен өтүшкөн. Кармалгандар тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.