Түрк элчиси Кыргызстандын ишине эмнеге аралашат? (видео)

775

Түркия Кыргызстандагы элчисин чакыртып алышы керек. Мындай пикирин айрым серепчилер билдиришти. Элчи Жеңгиз Камил Фыраттын акыркы аракети Кыргызстандын ички ишине кийгилишүүсү катары бааланды.

Түркиянын өкүлүнүн аты буга чейин да бир катар чуулуу иштерде аталган. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги расмий Анкарага нота протестин жөнөтүшү керек, дешет эксперттер.