Россияда көк-бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

1038

Турнир Сергиев Посад шаарында өтүп, иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналат. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Москва шаарынан төрт команда катышат.

Белгилей кетсек, мелдеш «Орус дүйнөсү» фестивалынын алкагында өтүп жатат жана ага катышуу үчүн буга чейин Кыргызстандан “Атуул” командасы жөнөп кеткен. Көк-бөрүчүлөр турнирге катышуу үчүн Бишкектен өз аргымактарын ала кетишкен.

Аталган тайпа славян улутундагы көк-бөрүчүлөрдөн түзүлгөн кыргызстандык команда. Көк-бөрү федерациясы эл аралык турнир көргөзмө иретинде өтүп жаткандыктан, “Атуул” командасын жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.