Жогорку Кеңештин урушчаак депутаттары (видео)

528

Кыргыз парламенттинин тарыхындагы эң жаш төрага Дастан Жумабеков акыркы убактарда эл оозуна көп алынчу болду. Өкүнүчтүүсү үлгүлүү жүрүш-турушу менен эмес. Жумабеков бир күн мурда депутаттардын эң улуусу Анвар Артыковго ачуу сөзүн агытып, катуу кагып койду.

120 эл өкүлүн ынтымакка чакыра турган адамдын мындай кадамы көп кишини кейитти. Бирок бир дагы эл өкүлү спикерди сабырдуулукка чакырып, аксакал кишиге андай мамиле кылган туура эмес деген калыс сөзүн айткан жок.