Элдар Айтматов мамлекеттик кызматка дайындалды
1104
Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов мамлекеттик кызматка дайындалды. Ал жыл башында түзүлгөн «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы мамлекеттик мекемесинин президентинин орун басары болду.
Ал эми академиянын жетекчиси болуп Топчубек Тургуналиев дайындалды. Аталган мекеме «Манас» эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурастарын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө милдеттерин аткарат.
Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.