Бишкекте батиринде кара куурай өстүргөн жаран кармалды

1363

Баңги заттарын мыйзамсыз айлантуу кызматынын өкүлдөрү шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, атайын бир бөлмө кара куурай өстүрүү үчүн атайын жасалганына күбө болушкан. Ал мыйзамсыз лабораторияны жашыруу максатында, бөлмөнүн каалгасын кийим салган шкаф менен жаап койгон.

Тинтүүнүн жыйынтыгында, 21 челекке өстүрүлгөн кара куурай алынган. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.