Башкы прокуратура Бирдиктүү депозиттик эсепке жалпысынан 519 млн.сом которду

950

Башкы прокуратура коррупциялык зыяндын ордун толтуруу үчүн ачылган Бирдиктүү депозиттик эсепке 92 млн. сом которду. Муну менен аталган мекеменин белгиленген эсепке которгон каражаттын жалпы суммасы 519 млн сомдон ашты.

Апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган Борбордук казыналыктагы атайын эсепке 1 млрд. 148 млн. 900 миң сом чогулганын айткан. Ушул дүйшөмбү күнү эле, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Бирдиктүү депозиттик эсепке 7,5 миллион сом акча которгону белгиленген.

Белгилей кетсек, Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын июль айында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.