ӨКМ: соңку бир сутканын ичинде эле Кыргызстанда 44 өрт кырсыгы катталган

920

«Дордой-1» калктуу конушунда жайгашкан үй-тиричилик техникалары сакталган кампадан чыккан өрттөн 3 адам жеңил жаракат алды. Бир адам колун күйгүзүп алса, экинчи ис газына ууланган. Ал эми дагы бирөө эси ооп жыгылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Жабыркагандарга медициналык жардам жеринен көрсөтүлүп, андан соң алар үйлөрүнө кое берилген. Тилсиз жоодон улам кампанын 1700 чарчы метри күйүп кеткен.

Эске салсак, “Дордой-1” конушунун 9-көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Буга күбө болгондор да кырсык тууралуу интернет аркылуу бөлүшүп, фото жана видеолорду жарыялап жатышты. Алардын жазганына караганда, товар сакталуучу жай, ага жанаша жайгашкан үйлөр жана унаа токтотуучу жай өрттөнүп кеткен. Бирок муну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктаган жок.

Отту өчүрүүгө 6 бөлүм тартылып, алардын жардамы менен кампаны каптаган жалын чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлгөн. «Дордой-1» конушунун тургундарынын айтымында, кампадан 50дөй күйүп кеткен кир жуучу машиналар чыгарылган. Айрымдарынын маалыматы боюнча, ал жердеги товардын жалпы суммасы 3 миллион долларды түзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, соңку бир сутканын ичинде эле Кыргызстанда 44 өрт кырсыгы катталган.

Подробнее об этом смотрите в новостях НТС.