Транспорт жана жолдор министрлиги айланма жолго акы алууну көздөп жатат

994

Акча төлөнө турган тилкеге Чүй областындагы 73 чакырым айланма жолу кирет. Ал ордо калаадагы Алматы көчөсүнөн Чым-Коргон айылына чейин созулат. Бирок бул демилге көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, муну акча өндүрүучү кезектеги сунуш катары санап, каршылыктарын билдиришүүдө. Азыркы тапта айланма жолго акы алууга уруксат берген мыйзам долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өтүп өкмөттүн аппаратынын кароосунда жатат.

Транспорт жана жолдор министрлиги 2 айдан кийин чечими чыгып, документ Парламентке жөнөтүлөт деген божомолун айтууда. Процедураларды эске алуу менен мындай учурда акы алынчу жол 2022-жылдан тарта ишке кириши мүмкүн экен. Тарифти өкмөт аныктайт. Бирок алдын-ала жүргүзүлгөн эсеп боюнча, транспорттун жүрүшүнө жараша, чакырымына 2 сомдон 10 сомго чейин алынат. Тагыраак бул аралыктагы сапарга 146 сомдон 730 сом төлөнөт.

Мыйзам долбоорунун негиздемесине ылайык, акы алынчу жолдор сунушу колдоого алынса, өлкө бюджетине жыл сайын 2 миллиард сомго чейин акча түшөт экен. Транспорт жана жолдор министрлиги, бул каражат трассаны кароого жумшалып, жыл сайын бюджеттен дээрлик 3 миллиард сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет деп ишендирүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.