Унаа салыгын төлөө дагы бир күнгө узартылды

635

Анткени төлөм жүргүзүүнүн акыркы күнү дем алышка туш келгендиктен салыкты төлөө мөөнөтү дүйшөмбү күнү 2-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Буга чейин транспорт салыгын төлөөнүн акыркы күнү 1-сентябрда экени кабарланган болчу. Ушул эле күнү турак-жай, батир жана жер салыктарын да кабыл алуу аяктайт.

Салык органдары 2-сентябрга чейин, анын ичинде дем алыш жана майрам күндөрү да иштешет. Салыктарды банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.