Бала бакча үчүн күрөшкөн ата-энелер (видео)

704

Бишкек шаарынын Ленин районунун жашоочулары өткөн жылдан бери бала бакча үчүн күрөшүп келет. Союз учурунда аталган аймактын Жер институту тарабында эки бала бакча бар болчу. 1990-жылдары бир имараты аскердик комитетке берилсе, экинчиси менчикке өтүп кеткен.

Жергиликтүү тургундар билдиргендей, жеке жактар бала бакчаны иштетип жатыптыр. Ага балдарын берели дешсе, бир эле айлык акысы 8 миң сом экен. Бул маселе боюнча шаар мэриясына кайрылганда менчикке өтүп кеткен бала бакча Көркөм-сүрөт академиясынын балансында экенин гана айтышты. Бирок аталган окуу жай менен байланышып, жооп алуу мүмкүн болбоду.