Баткендеги каргашалуу окуялардын чоо-жайы (видео)
736
Баткендин Сүлүктү шаарындагы шахтада каза тапкандардын бири — көмүр казуучу компаниянын жетекчиси болуп чыкты. Мерт кеткен 3 адам — бир тууган ага-инилер. Баары — көмүр казуучу ишкананын кызматкерлери.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы кара отун казууга лицензия алган бул компания коопсуздук талаптарын одоно бузганынан улам кырсык болгонун билдирди. Ал эми Кадамжай районундагы шахтада көмүрдү өз алдынча мыйзамсыз казуу иштери 3 адамдын өлүмүнө алып келди.