Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 7 жылга соттолду (видео)
6819
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-кеңешчиси камактагы Икрамжан Илмиянов 7 жылга соттолуп үй-мүлкү конфискацияланды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаров чыгарды.
Анын алдында жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар пара алды деп айыпталып жаткан Икрамжан Илмияновго акыркы сөз берилди. Анда ал күнөөсү далилденбегенин, соттон акыйкат чечим чыгарып берүүсүн өтүндү. Өткөн аптада болсо прокурор Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, соттон аны 7,5 жылга түрмөгө кесүү менен 180 миң сом өлчөмүндө айып салууну өтүнгөн.