Жалал-Абад областында мектеп окуучуларынын мушташы катталды

5312

Окуя Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында болгону айтылууда. Интернетке жарыяланган видеодо 40-50дөй кыз бири-бирин ур-токмокко алган. Ал эми мунун баарын уюлдук телефонго тарткан бир нече эркек бала аларды арачалап койгонго жараган эмес. Тескерисинче кыздарды шылдыңдап, каткырып, окуяга четтен көз салып турушкан. Азырынча эки тарапка бөлүнүп мушташкандардын ичинен канчоосу жабыркаганы белгисиз.

Аксы районунун акиминин орун басары Дамира Сулайманова чырдашкан кыздар Жоробек Мамытбеков атындагы мектептин окуучулары экенин тастыктады. Ал учурда бул окуяны териштирүүгө жөнөп жатканын билдирди. Ошондой эле, чыр-чатакка күбө болгондор сураларын айтты. Азыркы тапта кыздардын мушташканы тууралуу маалыматты Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы да тактап жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.