Абаны тазалоонун жолдору талкууланды (видео)

4793

Абаны тазартуу үчүн күйүүчү май менен жүргөн унааларды электромобилдерге алмаштыруу зарыл. Ал эми жеке турак үйлөр көмүрдүн ордуна газ жана электр мештерин колдонуусу керек. Абанын булганышы боюнча өткөрүлгөн жыйында экологтор тарабынан кайрадан эле ушундай сунуштар айтылды.
Адистер акыркы учурларда Бишкек шаарында автоунаалардан жана жеке турак үйлөрдөгү мештен чыккан түтүн абаны кескин булгап жатканын билдирип, бул көйгөй эртерээк чечилбесе, экологиялык катастрофага алып келет деп коңгуроо кагышууда.