Бала бакчада балдардын чыңырып ыйлаган видеосу териштирилүүдө

2845

Бишкектеги №145-бала бакчада балдарды ур-токмокко алышабы? Дал ушундай маңыздагы ролик интернетке жарыяланды. Бул окуянын күбөсү тараткан видеодо эшикте ортончу топ деген жазуусу бар. Ал эми анын ичинде тарбиялоочу баланы урушуп жатканын, тарсылдаган үндөр чыгып, мындан улам жеткинчектер чыңырып ыйлаган. Видео түштө, балдардын уктоо маалында тартылган экен.

Бул окуянын чоо-жайын билүү үчүн Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан №145-бала бакчанын жетекчилиги менен байланышканыбызда, ал тарбиялоочу өз кызын урушуп жатканын кабарлады. Бирок кол көтөрүү болгонун четке кагып, ал аял партаны ургулаган деп ишендирүүдө.

Учурда Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгы бул окуя териштирилип жатканын маалымдады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.