Майрамдык иш-чара учурунда мектептин шыбы урап түштү (видео)

2429

Мектептин шыбынын урап түшүүсү боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Чүй областтык милициясынын билдиришти. Эске салсак, жаңы жылга карата майрымдык иш-чара учурунда аймактагы Александровка айылындагы мектептин шыбы урап түшүп, балдар аз жерден калышкан.

Окуя боюнча Мамлекеттик экотехинспекциясы, Архитектура жана курулуш агенттиги, Өзгөчө кырдаалдар жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия да түзүлүптүр. Алар окуу жайды текшерип чыгып, бүтүмдөрүн чыгарып бериши керек.