Түрттүрүлө турган турак-жайдын компенсациясы канча? (видео)

2691

Борбор калаада Советтик доордо тургузулган эски турак-жайлар түрттүрүлүшү мүмкүн. Бул Бишкек шаарын деталдуу пландоо долбооруна ылайык жүргүзүлөт. Учурда бул боюнча комиссия түзүлгөнү жатат. Эгерде, ордо калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн 80 пайызы жараксыз абалга келген болсо, ал бузулушу керек экен.

Ал эми турак-жай ээлерине компенсация төлөп берүү да каралган. Азырынча ал кандай өлчөмдө боло турганы белгисиз. Бирок Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов менчик ээлеринин уруксатысыз бир дагы үй буздурулбай турганын айтууда.