Массалык каттоого туруу. Кимдер добуш бере алат? (видео)
1668
Жергиликтүү шайлоодо кимдер добуш бере алат? 12-апрелде өтө турган өнөктүк жакындаган сайын бул суроонун тегерегинде дагы бир топ суроолор жаралууда. Буга шайлоо өтө турган шаарларга башка аймактарда жашаган тургундар келип, массалык түрдө убактылуу каттоого туруп жатышканы себеп болду.
А түгүл, Ош шаардык милициясы бул боюнча «Добуш сатып алуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Боршайком чукул отурумун өткөрүп, анда жергиликтүү шайлоолордо добуш берүү оңой эмес экенин жана аны убактылуу каттоого туруу менен чечүүгө болбой турганын билдирди.