Баңгизат жайылтуу менен алектенгендердин үйүнөн 1 кг 300 грамм баңгизат табылган

2279

Баңги затын жайылтуу менен алектенип келген шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматтар боюнча, анда кызматкерлер Токтогул районунда баңги заттарды жеткирүү жолун тапкан топту кармаган. Ал эми Бишкекте бул топту уюштурган адам кармалып, анын жанынан 2 килограмм 150 грамм гашиш табылган.

Ал баңги затты Бишкекке жана Чүйгө алып келип сатууну көздөгөн. Ал мурда бир канча жолу соттолуп чыкканы маалым болду. Андан кийин башка да мүчөлөрү кармалган. 48 жана 28 жаштагы жарандардын үйүн тинтүүгө алганда 1 килограмм 300 грамм баңгизат табылган. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.