БШК төрагага карата чара көргөн жок (видео)

1838

Шайлоого аттанган төрага Дастан Жумабековдун каттоосун жокко чыгаруу боюнча БШКнын жумушчу тобунун тыянагы Боршайкомдун отурумунда колдоо таппай калды. Алар спикер мүчөлүк кылган партияга эскертүү берүү менен гана чектелишти.

Эске салсак, буга чейин төрага Дастан Жумабековдун ымыркайга 50 миң сом «көрүндүк» бергени коомчулукта талкууга алынып, сын-пикирлерди жараткан. Акча төраганын фондунан бергени белгиленген.

Бирок шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болуп эсептелет. Ал эми өз чөнтөгүнөн берсе, шайлоочуну сатып алуу аракети катары бааланат.