Жаңжалдашкан тартип сакчылары (видео)

7069

Акыркы күндөрү милиция кызматкерлеринин катышуусунда болгон жаңжалдар арбыды. Тартип сакчыларынын ортосунда болгон тирешүүлөрдү Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы териштирүүдө. Мындан бир ай мурда Ош шаарында жол сакчылары уруша кетип, бирөө ооруканага түшсө, экинчиси жумушка чыкпай койгон.

Кечээ болсо Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси катышкан делген видео тарап, ал боюнча кызматтык териштирүү башталды. Анда жетекчи кол алдында иштеген кызматкерге кемсинткен сөздөрдү айтып, сөгүп жатканын көрүүгө болот. Бул окуяга Башкы прокуратура баа берет экен.