Түркияга жасалма паспорт менен кирген кыргызстандык келин камакка алынды
Бул тууралуу Азаттык түркиялык «Демирөрен» кабар агенттигине шилтеме берип кабарлайт. Ага ылайык, 13-октябрда Львов-Стамбул каттамы менен Стамбул аэропортуна келген кыргызстандык келиндин паспорту жасалма экени аныкталган.
Келиндин жанында өзү менен кошо үч кичинекей кыз да болгон. Түрк полициясынын сурагында кыргызстандык келин көп жылдардан бери Украинада жашаганын, паспортун Кыргызстандан ата-энеси жасатып салып жибергенин жана мыйзамды бузбаганын айткан.
Түркиянын маалымат агенттиктери жасалма паспорт менен кармалган кыргызстандык келин үч кызы менен тергөө иши бүткөнчө Стамбулдагы убактылуу кармоо жайына камакка алынганын жазып чыгышкан.
Түркиянын Жазык кодексинин 204-беренесине ылайык бул өлкөдө жасалма паспорт же документтер менен кармалган жаран эки жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.