Президенттик шайлоого катышууга белсенгендердин саны 63 болду (видео)

1998

Алдыда боло турган президенттик шайлоого катышууга белсенип 65 талапкер арыз берсе, алардын экөө кайра ниетинен баш тартканы белгилүү болду. Эми калгандары 3 апта аралыгында 30 миң адамдын кол тамгасын чогултуп, Боршайкомго тапшыруусу керек.

Буга кошумча, талапкерлер 1 миллион сомдон күрөө акчасын төлөшү керек. Бул талапты аткарбагандар саясий жарыштан четтетилет. Бирок айрым серепчилер шайлоо күнүнө чейин талапкерлердин 20 чактысы гана калат деп боолголоп жатышыптыр. Себеби айрымдары күрөөнү төлөөгө келгенде баш тартса, кээ бири «элге көрүнүп калуу үчүн» гана катталып коюшту, дейт талдоочулар.