Шаар тургундары сойкуканаларды жабууну талап кылышууда (видео)

3819

Бишкек шаарында батирлерди саатына же суткасына ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам иштебей жатат. Дал ушундай нараазычылыктарын калаа тургундары билдирип чыгышты. Ордо калаадагы Үсөнбаев, Шопоков, Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө жашагандар көпчүлүк батирлер сойкуканага айланып кеткенин айтышып, мындай бизнес менен алектенгендерге күчү жетпей жаткандарын билдиришүүдө.

Алар 2 күн мурда митинг дагы уюштурушкан. Ошондон кийин бир аз тынчый түштү, — дейт тургундар. Бирок алардын айтымында, бул убактылуу гана. Эмнеге калаа бийлигинин жана милициянын сойкуканаларды жабууга алы жетпей жатат?