Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди (видео)

2483

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев 4-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечим кечээ кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды. Эл өкүлү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат берген маалымат боюнча, Кубанычбек Жумалиевге таандык Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Депутат билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун алдыга сүрөө үчүн кысым көрсөтүү жана алардын саясий таасирин пайдалануу менен лицензияны мыйзамсыз алган деп айыпталууда.