65 жашка чейинкилер Кытай вакцинасы менен эмделет (видео)

2302

Ордо калаада “Спутник V” вакцинасы менен эмдөө башталды. Алгачкы препарат белгилүү хирург, Кыргыз эл баатыры Мамбет Мамакеевге сайылды. Ал эми эртеңден тарта вакцина аймактарга жеткирилип, ага удаа эле эмдөө иштери да кошо жүрмөкчү.

Вакцинанын бул партиясы өнөкөт оорусу барлар менен 65 жаштан жогорку курактагыларга сайылат экен. Мындан тышкары министрлер дагы эмдөө алышары белгилүү болду. Ал эми 65 жашка чейинкилер Кытайдын Синофармын ала алышат.