Кемпир-Абаддын ордуна Өзбекстан эмне сурайт? (видео)

1925

Жалал-Абад менен Наманган областтары чектешкен жердеги Гава-Сай аймагы боюнча маселе кайра каралат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушуп жатып билдирди. Буга чейин чек араны тактоодо 8 миң 200 гектар жер Кыргызстанга өтөрү кабарланган.

Жергиликтүү тургундар ал аймактар ансыз да кыргыз тарапка тиешелүү экенин жана тилкеде 200дөй үй-бүлө жашарын айтышууда. Ал арада Кыргызстан жакын арада Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстанга нота жиберүүгө белсенүүдө.