Жаңылыктар / 29.04.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)
858
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан 1 адам набыт болду. Жыйырмага жакын адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Тажикстан Кыргызстандын беш чек ара бөлүгүнө кол салганы кабарланды. Атышуу Лейлек районунда дагы башталды.
Баткен, сен жалгыз эмессин! Бүгүн өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүлүп, бийликке талаптар коюлду.
Бишкектин административдик соту НДПК партиясынын доо арызын четке какты. Саясий уюм эми Жогорку сотко кайрылууга белсенүүдө. Ал арада дагы бир партиянын үстүн кара булут каптады.
Депутаттар менен министрдин акыйнеги уланууда. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл өкүлдөрүн жеке кызыкчылыгын гана көздөйт деп айыптады.