Жаңылыктар / 27.05.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)
1853
Азиз Суракматовдун байлыгы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда кескин көбөйгөн. Мүлкү 50 миллион долларга бааланган экс-жетекчи коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелүүдө.
Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу соттук отурум башталды. Кызды уурдоого жардамдашкан 5 айыпталуучу жараянга онлайн режимде катышты.
Зыяратчылардан чогулган акчадан эки миллион доллардын дайыны чыкпай жатат. Ажылыкты уюштуруу иштеринде жаңы жагдайлар чыгууда.
Реаблитациялык борбордогу тушоо той. Шал оорусунан жабыркаган 5 бала кыска убакытта алгачкы кадамын таштай башташты.