Жаңылыктар / 10.06.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)
1394
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү. Улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы туруу. Президент Садыр Жапаровдун Анкарага жасаган иш сапары карыды.
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун “Кумтөр” боюнча кармалышы — бул тарыхты бурмалоо. Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков калыс пикирин айтып чыкты.
Тез жардам унааларына жол бошотпогон айдоочулар. Бишкекте патрулдук милиция рейд өткөрүп, ордо калаадагы 5 машина ээси айыпка жыгылды.
Суунун жоктугунан чөп күйүп, фермерлер тоют жыйнай албай калуу коркунучуна кептелди. Чүйдө беде 2 эсе кымбаттап, чөптүн башка түрлөрү 200 сомдон жогору баада сатылып жатат.