Көйгөйлөрүн жол тосуу менен чечкен конуштун тургундары (видео)

2168

Бишкектин түндүк тарабындагы айланма жолду жарым сааттай бууп, тосуп алган Алтын-Казык конушуна электр энергиясы берилди. Ошондой эле, «Түндүкэлектр» ишканасынын өкүлдөрү аталган конуштун абоненттик төлөмдөр боюнча жооптуу тургунун сотко бере турганын билдиришти.

Алтын-Казык жер басып алгандардан турган конуш болуп, расмий катталбагандыктан бардык жашоочулар «абоненттер тайпасы» болуп бекитилген. Анда акчаны бир киши чогултуп, төлөп келген. Бирок карыз төлөнбөй, бересенин суммасы 300 миңден ашканда энергетиктер жарыкты өчүрүүгө мажбур болушкан.