Шайлоодон тажаган эл (видео)

1493

Бишкектин Свердлов жана Биринчи май райондорундагы бир мандаттуу округ боюнча депутаттарды шайлоо кайрадан өткөрүлүшү мүмкүн. Буга эки аймактан ат салышкан талапкерлердин бири да шайлоочулардын колдоосуна ээ боло албагандыгы себеп болууда. Тактап айтканда, аталган тилкелерде өнөктүккө катышкандардын үчтөн бири баарына каршы деген позицияларын билдиришкен.

Ошол эле убакта, бул саясий өнөктүк өлкөнүн тарыхындагы добуш берүүчүлөр эң аз катышкан шайлоо болуп калды. Адистер муну эл кайра-кайра өткөрүлгөн шайлоолордон чарчаганын жана үгүт маалында талапкерлер программасын элге жеткире албай, чабал аракет көргөнү менен түшүндүрүүшө.