Жаңылыктар / 14.12.21 / Кечки чыгарылыш — 21.30 (видео)

1026

Аскерлердин тамак-аш, кийим-кечесине деген акчасын сол чөнтөккө солоп алган жетекчилерге 5 берене менен кылмыш иши ачылды. 34 миллион сомду уурдаган деп шектелген 3 адам өлкөдөн качып кеткенге үлгүргөн.
Өлкөдө 100 пайыз үлүшү мамлекетке таандык болгон дал ушундай аталыштагы Улуттук холдинг пайда болду. Ал кен казуу тармагын реформалоого багытталган.
Саламаттыкты сактоо тармагында бир катар реформалар башталды. Анын жүрүшүндө айрым бейтапканалар жабылат.
Чет тилин үйрөнүп, заманбап технологияларды өнүктүрүүгө көңүл бургула. Мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров өлкөнүн мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды.