А. Атамбаев КСДПнын жетекчиси болбой калдыбы? (видео)

604

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп келген Сагынбек Абдрахманов маалымат жыйынын өткөрүп, анда ал Алмазбек Атамбаевди КСДП лидери катары саясий иш жүргүзүүнү токтотуп, партияга тиешелүү мүлктөрдү, мөөр-штамптарды өткөрүп берүүсүн талап кылды. Болбосо күч түзүмдөрүнө кайрылам, дейт Сагынбек Абдрахманов. 18-апрелде Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын жетекчиси катары каттаган болчу.

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын башында экс-президент Алмазбек Атамбаев турган бөлүгү да маалымат жыйынын өткөрүп, анда Башкы прокуратурага арыз жазганын билдиришти. Алар Юстиция министрлигинин жетекчилери мыйзамдарды одоно бузганын айтышып, аларга карата чара көрүүнү талап кылышууда. Ал арада коомчулукта «ошондо КСПД кимдики?» деген суроо кызуу талкууланып жатат.