А. Атамбаевдин банктык эсептери камакка алындыбы? (видео)

636

Башкы прокуратура парламенттин экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча чыгарган чечиминин үстүндө иштей баштады. Анын алкагында, башкы көзөмөл органга мурдагы мэр Нариман Түлеев чакырылганы кабарланды.

Андан тышкары, Алмазбек Атамбаев жана анын туугандарынын тегерегинде жүргөн адамдардын банктык эсептери текшерилмей болду. Прокуратурага мындай укукту Бишкектин Биринчи май райондук соту берди. Экс-президентке карата бул иш “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча Бирдиктүү реестрге катталган.