А. Атамбаевдин тарапташтарынын талабы (видео)

588

Депутаттар мурдагы президентти өлкөдөгү абалды чыңалтууну көздөп жатат деп айыпташты. Эл өкүлдөрү Алмазбек Атамбаевди тарапташтарын чогултууну токтотуп, элди саясий курал катары колдонбоого чакырышты.

Жогорку Кеңеште маанилүү маселе каралып жатканда Чүй областынын Кой-Таш айылында чогулган топ адамдар парламенттин отурумун түз эфирде көрүп, алар күтпөгөндөй чечим чыккандан кийин, депутаттарды тилдей башташты. Айрымдары парламентти таркатуу керек деп чыгышты.