А. Батукаевдин иши. Онкологдор камакта (видео)

858

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин иши боюнча камалган онколог-дарыгерлердин адвокаттары президентке кайрылышты. Алардын айтымында, дарыгерлер саясий кылмыштуу иштин курмандыгы болуп жатышат.

Алты жыл мурдагы парламенттик комиссиянын корутундусунда аты-жөнү көрсөтүлгөн башка аткаминерлер дагы чекесинен суракка чакырылууда. Алардын арасында вице-премьерден тарта, акыйкатчыга чейин бар. Ошондой эле, бул ишти тергөөнүн жүрүшүндө жаңы ысымдар аталышы мүмкүн.